259-берене. Сапатсыз курулуш
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Этиятсыздыктан оор зыян келтирген, сапатсыз курулган, бүтүрүлбөгөн же келишимдин шарттарына жана долбоордук документтерге туура келбеген имаратты, же болбосо курулманы, электр станциясын, турак үйдү, жолду, көпүрөнү же курулуштун башка объектин подрядчы тарабынан пайдаланууга берүү жана (же) кабыл алуу, курулуш уюмунун жетекчиси же курулуштун сапатын контролдоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан жасалса, ошого тете аларды ишти жүргүзүүчү тарабынан сапатсыз оңдоо, - VI категориядагы айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
259-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-259" title="259-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>