# 254-берене. Куралды мыйзамсыз даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 254-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-254

---

1. Трамвалык аракеттеги патрондор менен атуу үчүн багышталган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралды мыйзамсыз даярдоо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды кошпогондо) мыйзамсыз оңдоо же даярдоо, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Атууну катары менен жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бергендей кылып атуучу куралдын, же болбосо сайлуу куралдан атуу үчүн багышталган патрондор менен аткандай кылып сайсыз же газдык куралдын конструкциясын мыйзамсыз өзгөртүү, ошого тете стандарттагы талаптарга жооп бербегендей кылып куралдын жалпы узундугун кыскартуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн предметтерди ыктыярдуу тапшырып берген адам ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-253)  
Кийинки берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-255)
