254-берене. Куралды мыйзамсыз даярдоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Трамвалык аракеттеги патрондор менен атуу үчүн багышталган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралды мыйзамсыз даярдоо, -
IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.
2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды кошпогондо) мыйзамсыз оңдоо же даярдоо, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Атууну катары менен жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бергендей кылып атуучу куралдын, же болбосо сайлуу куралдан атуу үчүн багышталган патрондор менен аткандай кылып сайсыз же газдык куралдын конструкциясын мыйзамсыз өзгөртүү, ошого тете стандарттагы талаптарга жооп бербегендей кылып куралдын жалпы узундугун кыскартуу, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн предметтерди ыктыярдуу тапшырып берген адам ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
254-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-254" title="254-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>