# 253-берене. Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 253-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-253

---

1. Дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу, газдуу, сайсыз куралды, ошого тете травмалык аракеттеги патрондор менен атуу үчүн багышталган куралды мыйзамсыз сатып алуу, сатып өткөрүү же алып жүрүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Эки же андан ашык автоматтык куралга же эки же андан ашык адамга бир эле убакта жок кылууга багытталган куралга карата ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдар тобу тарабынан жасалган ушул берененин 2 жана 3-бөлүгүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн предметтерди ыктыярдуу өткөрүп берген адам, ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде жана ушул Кодекстин 254-беренесинде көрсөтүлгөн предметтерди адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алып коюу ыктыярдуу өткөрүп берүү деп таанылбайт.

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-254)
