249-берене. Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу уюмду түзүү, ошого тете мындай уюмду же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ошого тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, -
V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Кылмыштуу уюмга катышуу, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда, же болбосо ага кирген түзүмдөрү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшулган топтордун уюштуруучуларын, жетекчилерин же башка өкүлдөрүн бирикмелерин түзүүдө адамдардын бетин ачкан маалыматтарды кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
249-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-249" title="249-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>