# 245-берене. Имараттарды жана курулмаларды басып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 245-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-245

---

1. Имараттарды, курулмаларды, жолдорду же катнашуу жана байланыш каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу, же болбосо аларды кармап туруу, аларды жок кылуу же бузуу коркунучу менен, же болбосо жарандарды өлтүрүү же алардын ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу менен коштолгон, коркунучтарды аткарбоонун шарты катары мамлекеттик же башка органды, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого, же болбосо жасабоого мажбурлоо максатында жасалса, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-244)  
Кийинки берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-246)
