# 244-берене. Барымтага алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 244-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-244

---

1. Мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары жасалган адамды барымта катары алуу же кармоо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу башка предметтерди колдонуу менен;

4) эки же андан көп адамга карата;

5) билип туруп жашы жетелекке карата;

6) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

7) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосундар, -

V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Барымтадагы адамды уурдаган учурдан тартып 12 саатын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-243)  
Кийинки берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-245)
