# 241-берене. Террордук ишке көмөктөшүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 241-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-241

---

Ушул Кодекстин 239, 240, 244, 248, 312, 387-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого адамды тартуу же террордук уюмдун ишине катышууга адамды көндүрүү же аталган кылмыштардын жок дегенде бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, окутуу, же болбосо даярдоо, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде адам өз убагында бийлик органдарына эскертүү менен же башка ыкма менен ушул беренеде көрсөтүлгөн кылмыштарды болтурбоого, же болбосо ага бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-240)  
Кийинки берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-242)
