# 240-берене. Террордук ишти каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 240-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-240

---

1. Террордук ишти каржылоо, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары аймакта каржылоо үчүн террорчуну жана (же) террордук уюмду, же болбосо террордук ишти каржылоо, даярдоо же жасоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталган же пайдалана турган, ага ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө каражаттарды мыйзамсыз берүү, каржылык кызмат көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражаттарды жыйноо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Террордук мүнөздөгү кылмыштарды даярдаган же жасаган адамдарга таандык болгон каражаттарды же террордук уюмдун контролунда турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (сүйлөшүүлөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүүлөр деп ушул беренеде таанылат.

---

Мурунку берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-239)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-241)
