# 24-берене. Жазык-укуктук квалификациянын атайын эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 24-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-24

---

1. Адам атайылап же этиятсыздыктан жасаган кылмыштын натыйжасында кылмыштын курамынын белгиси катары тикелей көрсөтүлбөгөн өзгөчө оор зыян келтирилсе, квалификация адам жасаган жосунду караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жана киши өлтүрүү же этиятсыздыктан өлүмгө дуушар кылуу, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү же өзүн-өзү өлтүрүүгө көндүрүү үчүн жоопкерчиликти караган ушул Кодекстин 21-главасынын тиешелүү беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жүзөгө ашырылат. Мында, жаза ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелерди эске алуу менен дайындалат.

2. Адам жосунду уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында же болбосо кызыкчылыгында жасаган учурда, ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган жоболорду эске алуу менен квалификация адам жасаган жосунду караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жана ушул Кодекстин 248 же 249-беренелеринин тиешелүү бөлүгү боюнча жүзөгө ашырылат. Мында жаза ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелерди эске алуу менен дайындалат.

Бул жобо адам мыйзамсыз диний тобун, уюшкан тобун, кылмыштуу уюмду, куралдуу кошуундарды; экстремисттик уюмду уюштургандыгы (түзгөндүгү) үчүн, ошондой эле аларды жетектегендиги же аларга катышкандыгы үчүн жаза жоопкерчилигине тартылган учурларда колдонулбайт.

3. Кылмыш кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, квалификация адам жасаган жосунду караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жана ушул Кодекстин 320-беренесинин тиешелүү бөлүгү боюнча жүзөгө ашырылат. Мында жаза ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелерди эске алуу менен дайындалат.

Бул жобо атайын субъект катары кызмат адамы тарабынан кылмыш жасалган кылмыш курамынын белгиси болуп тикелей көрсөтүлгөн учурларда колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-25)
