# 239-берене. Терроризм актысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 239-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-239

---

1. Терроризм актысын жасайм деп коркутуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын, же болбосо эл аралык уюмдардын чечимдерин кабыл алууга таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй жасалса:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;

3) стратегиялык объекттерге карата;

4) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Терроризм актысын даярдоого катышкан адам, эгерде ал бийлик органдарын өз убагында эскертүү менен же башка ыкмалар менен терроризм актысын болтурбоого көмөктөшсө, ушул беренеде каралган жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-240)
