# 237-берене. Коммерциялык паралап сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 237-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-237

---

1. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамга акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз берүү, ошого тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамдын акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз алуусу, ошого тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу менен коштолгон, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде адамга карата акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же болбосо мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу жасалса, же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө тергөөчүгө же прокурорго билдирсе, адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-236)  
Кийинки берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-238)
