# 233-берене. Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 233-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-233

---

1. Коммерциялык же башка уюмда башкаруу функциясын аткарган адамдын өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул уюмдун кызыкчылыгына каршы жана пайда көздөө же өзү же башка адамдар же уюмдар үчүн артыкчылыктарды алуу же башка адамдарга же уюмдарга зыян келтирүү максатында колдонуусу, эгерде бул атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык түзүм уставдык капиталында акциясына (үлүшүнө) ээлик кылган чарбакер коомдун кызматчысы жасаган ошол эле жосун, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салуу менен, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде ушул беренеде же ушул главанын башка беренесинде каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык ишкана, мамлекеттик же муниципалдык түзүм уставдык капиталында акциясына (үлүшүнө) ээлик кылган чарбакер коом болбогон коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыштык куугунтуктоо ошол уюмдун арызы жана анын макулдугу жүргүзүлөт. Келтирилген зыяндын ордун же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун же мыйзамсыз сый акынын суммасын өз ыктыяры менен эки эселенген өлчөмдө төлөгөн учурда, адам ушул Кодекстин 233, 234-беренелеринде, 235-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 237-беренесинде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга жатат. Ушул Кодекстин 233, 234-беренелеринде, 235-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 237-беренесинде каралган жосундар кайталанып жасалган учурда, жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу колдонулбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-232)  
Кийинки берене: [233-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-233-1)
