# 232-берене. Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 232-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-232

---

1. Эгерде бул жосун бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга жаткан мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен уюмдардан бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканда, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ушул эле жосун:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп алуу боюнча.

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-231)  
Кийинки берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-233)
