# 23-берене. Атайын эки ченем атаандашууда жазык-укуктук квалификациялоо эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 23-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-23

---

1. Ушул Кодекстин жеңилдетүүчү белгилери бар кылмыш жөнүндө атайын ченемди караган берене (берененин бөлүгү) оордотуучу (квалификациялоочу) белгилери бар кылмыш жөнүндө атайын ченемди караган беренеге караганда артыкчылыкка ээ болот.

2. Жеңилдетүүчү белгилери бар атайын ченемдерди камтыган ушул Кодекстин бир нече беренелеринин (беренелердин бөлүктөрүнүн) ичинен колдонууда жеңилирээк жаза каралган беренеге (берененин бөлүгүнө) артыкчылык берилет.

3. Оордотуучу (квалификациялоочу) белгилери бар атайын ченемдерди камтыган ушул Кодекстин бир нече беренесинин (беренелердин бөлүктөрүнүн) ичинен колдонууда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө катуураак жаза каралган беренеге (берененин бөлүгүнө) артыкчылык берилет.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, эки атайын ченем атаандашууда башка бардык учурларда анча катуу эмес жаза, ал эми жаза чаралары бирдей болгондо, адамдын абалын башкача түрдө жакшырткан ченем колдонулат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-24)
