23-берене. Атайын эки ченем атаандашууда жазык-укуктук квалификациялоо эрежелери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ушул Кодекстин жеңилдетүүчү белгилери бар кылмыш жөнүндө атайын ченемди караган берене (берененин бөлүгү) оордотуучу (квалификациялоочу) белгилери бар кылмыш жөнүндө атайын ченемди караган беренеге караганда артыкчылыкка ээ болот.
2. Жеңилдетүүчү белгилери бар атайын ченемдерди камтыган ушул Кодекстин бир нече беренелеринин (беренелердин бөлүктөрүнүн) ичинен колдонууда жеңилирээк жаза каралган беренеге (берененин бөлүгүнө) артыкчылык берилет.
3. Оордотуучу (квалификациялоочу) белгилери бар атайын ченемдерди камтыган ушул Кодекстин бир нече беренесинин (беренелердин бөлүктөрүнүн) ичинен колдонууда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө катуураак жаза каралган беренеге (берененин бөлүгүнө) артыкчылык берилет.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, эки атайын ченем атаандашууда башка бардык учурларда анча катуу эмес жаза, ал эми жаза чаралары бирдей болгондо, адамдын абалын башкача түрдө жакшырткан ченем колдонулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>