# 229-берене. Спиртти жана спиртти камтыган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 229-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-229

---

1. Мыйзамсыз өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же спирт камтыган ичимдиктерди ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ошого тете сатуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген этиятсыздыктан оор зыянга алып келген спиртти же спирт камтыган ичимдиктерди сатуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эки жүз же андан ашык литр спирт жана спирт камтыган ичимдиктер ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-230)
