# 225-берене. Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 225-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-225

---

1. Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ошого тете сатуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыш жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан кылмыш предметинин наркы ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-226)
