# 222-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 222-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-222

---

1. Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо:

1) инсайдер же анын аффилирленген жагы тарабынан инсайдердик маалыматтарды пайдалануу менен баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жайылтуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүккө мыйзамсыз берүү, ошого тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жасалса, же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин жак билсе,

V категориядагы айып салууга, же болбосо I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалган;

2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон, -

VI категориядагы айып салууга, же болбосо II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-221)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-223)
