# 220-берене. Коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 220-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-220

---

1. Документтерди уурдоо, коммерциялык же банктык сырды билген адамдарга же алардын жакындарына карата коркутууларды же сатып алууну колдонуу, байланыш каражаттарынан маалыматты алып калуу, компьютердик системага же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды колдонуу жолу менен, аларга тете башка мыйзамсыз ыкмалар менен коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматтарды жыйноо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакты контролдоону орнотконго алып келген ошол эле жосундар, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-221)
