# 22-берене. Жалпы менен атайын ченемдердин атаандашуусундагы жана толугу менен бөлүктүн атаандашуусундагы жазык-укуктук квалификациясынын эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 22-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-22

---

1. Ушул кодекстин атайын ченем болуп жалпы ченем сыяктуу эле ошол жосун үчүн жоопкерчиликти караган, бирок жалпы ченемде жок кылмыш курамынын кошумча белгилерин камтыган ченем саналат.

2. Эгерде ушул Кодекстин беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жосун жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусун түзсө, анда атайын ченемди камтыган берене (берененин бөлүгү) гана колдонулат. Ушул кодексти жалпы жана тиешелүү атайын ченемдерди караган беренелердин (беренелердин бөлүктөрүн) бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.

3. Жасалган жосунду толугу менен камтыган ченеми болгон ушул Кодекстин беренеси (берененин бөлүгү) жасалган жосундун бөлүгүн камтыган ченеми болгон беренеге (берененин бөлүгүнө) караганда колдонууда артыкчылыкка ээ болот. Аякталган кылмыш жөнүндө ченем аякталбаган кылмыш жөнүндө ченемге караганда, кылмышты аткаруу жөнүндө ченем андагы кылмышты уюштуруучунун, шыкакчынын же көмөкчүнүн кошо катышуусу жөнүндө ченемге караганда, курамдуу кылмыш жөнүндө ченем (кылмыш жыйындысы мыйзамы менен эске алынган) мындай кылмыштын бөлүгү каралган ченемге караганда ушундай артыкчылыкка ээ болушат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-23)
