# 219-берене. Рейдерлик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 219-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-219

---

1. Рейдерлик, башкача айтканда төмөнкү жол менен жасалган жосун:

1) чогулуштун, жыйналыштын протоколдоруна, андан көчүрмөлөргө добуш берүүчүлөрдүн саны, кворум же добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү же добуштарды эсепке алууну же добуш берүү үчүн бюллетендерди эсепке алууну билип туруп туура эмес түзүү, акционердин, катышуучунун, жогорку башкаруу органынын мүчөсүн же аткаруу органынын мүчөсүн добуш берүүдө иш жүзүндө болушуна бөгөт коюу же чектөө жолу менен жогорку башкаруу органынын чечимин кабыл алууда добуш берүүлөрдүн натыйжаларын бурмалоо же укуктарды эркин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу;

2) чогулушту, жыйналышты өткөрүү жөнүндө маалыматтарды билдирбөө же чогулушту, жыйналышты өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, билип туруп жалган ишеним кат боюнча акционердин, катышуучунун же жогорку башкаруу органынын мүчөсүнүн атынан добуш берүү;

3) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун бузуу, чектөө же чек коюу;

4) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырууда тоскоолдук түзүү;

5) башка мыйзамсыз аракеттер, -

юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө менчик укугун мыйзамсыз алууга же юридикалык жактын үстүнөн контролдоону орнотууга алып келсе, - V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар кызмат абалын колдонуу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [218-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-218)  
Кийинки берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-220)
