# 218-статья. Товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 218-статья (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-218

---

1. Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян келтирсе, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категорияда эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, товарды тейлөө же келип чыккан жеринин белгисине карата алдын ала маркировкалоону мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -

IV категориядагы айып салуу менен жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашкан суммадагы зыян ири зыян деп таанылат.

---

Мурунку берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-217)  
Кийинки берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-219)
