# 217-берене. Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 217-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-217

---

1. Шантаж кылууну колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, опузалап алуу белгилери жок болсо, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-216)  
Кийинки берене: [218-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-218)
