# 216-берене. Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 216-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-216

---

1. Монополиялык жогорку же монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө же кармап туруу, же ошого тете эле рынокту бөлүштүрүүгө, рынокко чыгууну чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъекттерин четтетүүгө же бирдей бааларды белгилөөгө же кармап турууга багытталган сүйлөшүү же макулдашылган аракеттер аркылуу атаандаштыкты чектөө, эгерде бул жосундар ири өлчөмдөгү киреше алуу менен коштолсо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган;

2) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-215)  
Кийинки берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-217)
