# 214-берене. Каржы пирамидаларын уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 214-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-214

---

Эгерде ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, каржы пирамидасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, ага катышууга сунуш кылуу же каржы пирамидасынын жардамы менен каржылык активдерди тартуу (алуу), каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана жетектөө, - II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;

2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же тарамдарды, же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу жолу менен жасалган;

3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Ушул беренеде каржы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумун түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-213)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-215)
