# 211-берене. Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186178..1186179>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 211-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-211

---

1. Эгерде бул жосун ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, мындай лицензия жана (же) уруксат милдеттүү болгон учурларда ишкердик же банк ишин же болбосо банктык операцияларды каттоосуз, же болбосо атайын лицензиясы жана (же) уруксаты жок, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен жүзөгө ашыруу, -

I категориядагы коомдук иштерге же I категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолсо, -

II категориядагы коомдук иштерге же I категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же I категориядагы түзөтүү жумуштарына же II категориядагы айып салууга жазаланат. Эскертүү. Келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда, адам ушул Кодекстин 211, 213, 216, 218, 221 жана 222-беренелеринде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга жатат. Ушул Кодекстин 211, 213, 216, 218, 221 жана 222-беренелеринде каралган жосундар кайталанып жасалган учурда, жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу колдонулбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-210)  
Кийинки берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-212)
