# 209-берене. Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен мүлктүк залал келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186178..1186179>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 209-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-209

---

1. Менчик ээсине же мүлктүн башка ээсине газды, электр же болбосо жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлору жок (эгерде аларды пайдалануусу милдеттүү болуп саналса) же эсепке алуу приборлорун атайлап бузуунун кесепетинен, ошого тете уурдоонун белгилери болбогондо башкача алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен олуттуу мүлктүк зыян келтирүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:

1) ири залал келтирүү менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири залалды келтирүү менен жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Эскертүү КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-208)  
Кийинки берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-210)
