# 208-берене. Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 208-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-208

---

1. Менчигинин формасына карабастан турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы зомбулук колдонуу менен же анын колдоном деп коркутуу менен жасалган өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) жайды, имаратты же курулманы бузуу менен, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка предметти колдонуу менен;

2) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-207)  
Кийинки берене: [209-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-209)
