Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
208-берене. Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Менчигинин формасына карабастан турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы зомбулук колдонуу менен же анын колдоном деп коркутуу менен жасалган өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) жайды, имаратты же курулманы бузуу менен, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка предметти колдонуу менен;
2) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-208" title="208-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>