# 207-берене. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 ноября 2020 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков", Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112155)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186177..1186178>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 207-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-207

---

1. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка предметтерди колдонуу менен;

2) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Жер участогун мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-206)  
Кийинки берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-208)
