# 206-берене. Автотранспорт каражаттарын айдай качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 206-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-206

---

1. Ээлөөнүн (айдай качуунун) максаттарына карабастан автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу жана аны айдоо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-207)
