# 205-берене. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186178..1186179>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 205-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-205

---

1. Ишенип берилген мүлктү олуттуу өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) ири өлчөмдө, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй жасалса:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) мүлк жана (же) акча каражаттары кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген адам тарабынан, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда, ушул Кодекстин 205 жана 209-беренелеринде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн адам жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга жатат. Ушул Кодекстин 205 жана 209-беренелеринде каралган жосундар кайталанып жасалган учурда, жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу колдонулбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-206)
