# 203-берене. Опузалап талап кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 203-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-203

---

1. Шантаж кылуу же жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен опузалап талап кылуу, башкача айтканда бөтөн мүлктү, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген;

2) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында жасалган, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-202)  
Кийинки берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-204)
