# 199-берене. Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 199-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-199

---

1. Эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө пайда алуу максатында келтирилген болсо, автордук укукту, аралаш укуктардын, ЭВМ программалардын, маалыматтар базасынын объекттерин мыйзамсыз пайдалануу, ошого тете, сатып алуу, сактоо, ташып чыгаруу жасатууга ЭВМ, маалыматтар базалар үчүн программалардын, чыгармалардын, фонограммалардын контрафактык нускаларын даярдоо, ошондой эле ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдашылбастан ойлоп табуунун маңызын маалыматтарды расмий жарыялаганга чейин пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн ачыкка чыгарууга чейин, булар тууралуу маалыматтарды таратып жиберүү, -

V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыш тобу тарабынан, же өзгөчө ири залал келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосун, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосун, эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана аралаш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы эсептик көрсөткүчтөрдөн беш жүз эсеге ашса, ал эми кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдөн миң эсеге ашса, өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-200)
