# 196-берене. Мыйзамсыз диний топту уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 196-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-196

---

1. Топту уюштуруу же жетектөө, анын иши диний окууларды жайылтуу жана диний каадаларды аткаруу түрүндө жүргүзүлүп, эгерде ал жарандардын укуктарына олуттуу зыян келтирүү менен, жарандарды коомдук иштерден же жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга түртүү менен, ошого тете бул топко жашы жетелек балдарды тартуу менен коштолсо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете мындай топтун ишин дайыма пропагандалоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-195)  
Кийинки берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-197)
