196-берене. Мыйзамсыз диний топту уюштуруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Топту уюштуруу же жетектөө, анын иши диний окууларды жайылтуу жана диний каадаларды аткаруу түрүндө жүргүзүлүп, эгерде ал жарандардын укуктарына олуттуу зыян келтирүү менен, жарандарды коомдук иштерден же жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга түртүү менен, ошого тете бул топко жашы жетелек балдарды тартуу менен коштолсо, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете мындай топтун ишин дайыма пропагандалоо, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
196-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-196" title="196-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>