Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
193-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Талапкердин, саясий партиянын, шайлоо өнөктүгүн референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:
1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири суммадагы акча же башка материалдык каражаттарды берүү;
2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаларга жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;
3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдум демилгесин жылдырууга багытталган, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
4) алмаштыруучу адамдар аркылуу шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 193 жана 194-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде каралган жосунду жасаган учурга карата шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын, референдум фондусунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок ошол эле учурда 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-193" title="193-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>