# 192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112052)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186175..1186176>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 192-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-192

---

1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды төлөп берүү, же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга өбөлгө түзүү жолу менен шайлоочуларды сатып алуу -

IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун -

V категориядагы айып пул салууга же 1 категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-191)  
Кийинки берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-193)
