# 191-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112052)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186175..1186176>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 191-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-191

---

1. Жарандын өз шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын ишине шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын, же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан ишине кийлигишүү жолу менен, анын ичинде алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат ордун же кызмат абалын пайдалануу менен тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талап коюу же көрсөтмө берүү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып пул салууга жазаланат. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-190)  
Кийинки берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-192)
