# 19-берене. Кылмыштарды классификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 19-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-19

---

1. Ушул Кодекстин беренелеринде же беренелеринин бөлүктөрүндө жаза катары каралган эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүнө жараша кылмыштар анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт.

2. Анча оор эмес кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, же болбосо беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралышы мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

3. Оор кылмыштарга беш жылдан, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалыш мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

4. Өзгөчө оор кылмыштарга он жылдан ашкан мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-20)
