# 187-берене. Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 187-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-187

---

1. Мыйзамсыз кармоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат..

3. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Шектелгендин туугандарына анын кармалган фактысы жана турган жери жөнүндө кабарлабоо, мындай маалыматты алууга укугу бар адамга адамдын камакта кармалган жери жөнүндө маалыматты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошого тете иш жүзүндө кармоонун протоколу түзүлгөн убакытты же иш жүзүндө каралган убакытты бурмалоо -

III категориядагы коомдук иштерге же II категориядагы түзөтүү жумуштарына, же III категориядагы айып салууга жазаланат. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-188)
