# 180-берене. Кылмыш жасоого жашы жетелекти тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 180-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-180

---

1. Билип туруп жашы жетелекти он сегиз жашка жеткен адам тарабынан кандай гана болбосун ыкма менен кылмыш жасоого тартуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири, педагог, же болбосо мыйзам менен жашы жетелекке камкордук көрүү милдети жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосун,

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Билип туруп жашы жетелекти уюшкан топко, кылмыштуу уюмга же оор же өзгөчө оор кылмышты жасоого тартуу менен байланышкан ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-179)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-181)
