# 173-берене. Эмгекти мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 173-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-173

---

1. Ага карата менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу, эгерде адам андан көз каранды болбогон себептер боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруудан баш тарта албаса, -

II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) билип туруп жашы жетелекке карата;

2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген шантажды, зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдонуу менен коркутуу менен;

3) жабырлануучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу, же болбосо жок кылуу менен, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) билип туруп жаш балага карата;

2) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-174)
