173-берене. Эмгекти мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги)
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ага карата менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу, эгерде адам андан көз каранды болбогон себептер боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруудан баш тарта албаса, -
II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) билип туруп жашы жетелекке карата;
2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген шантажды, зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдонуу менен коркутуу менен;
3) жабырлануучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу, же болбосо жок кылуу менен, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:
1) билип туруп жаш балага карата;
2) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, -
IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
173-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-173" title="173-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>