# 172-берене. Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 172-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-172

---

1. Кишини күч колдонуп кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун, эгерде ал төмөнкүдөй жасалса:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) билип туруп жашы жетелекке карата;

3) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирсе, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү жабырлануучуну ыктыярдуу бошотсо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-171)  
Кийинки берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-173)
