# 170-берене. Киши уурдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 170-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-170

---

1. Ушул Кодекстин 244-беренесинде каралган кылмыштын белгилери болбогондо, аны ал туруктуу же убактылуу турган жеринен которуп, ал турган жерден айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолуучу, кармап алуу, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине каршы уурдоо, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) билип туруп жашы жетелекке карата;

3) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

4) төлөм алуу, же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында;

5) эки же андан көп адамга карата;

6) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген;

7) адамдан же өлгөн адамдан трансплантация үчүн органдарды же ткандарды алуу максатында, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундар, эгерде күнөөлүү 72 саат өткөндөн кийин уурдалган адамды ыктыярдуу бошотсо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат. Эскертүү: Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 10-мартындагы чечими

---

Мурунку берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-169)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-171)
