# 168-берене. Билип туруп жашы жетелекти порнобизнеске тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 168-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-168

---

1. Порнография мүнөзүндөгү предметтерди даярдоо менен байланышкан аракеттерге же порнография мүнөзүндөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары билип туруп жашы жетелекти тартуу, ошого тете жашы жетелекти эротикалык же порнографиялык жагдайда сүрөттөгөн чыгармаларды даярдоо, же мындай чыгарманын көчүрмөсүн даярдоо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу жолу менен, же аны колдонуу, мүлктү жок кылуу же болбосо зыян келтирүү менен коркутуу, шантаж кылуу же алдоо менен жасалган ошол эле жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) ата-энесинин бири менен же жашы жетелекке мыйзам менен тарбиялоо боюнча милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо жашы жетелекке көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин башка кызматкери тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу;

3) билип туруп жаш балага карата;

4) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-169)
