# 162-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 162-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-162

---

1. Өмүргө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны жабырлануучуга же башка адамдарга колдонуу менен коркутуу, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон;

3) жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген;

2) билип туруп жашы жетелекке карата жасалган, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Жаш экендигин билип туруп жаш балага (кызга) карата ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жасалган жосун, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-161)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-163)
