# 161-берене. Зордуктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 161-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-161

---

1. Зордуктоо, башкача айтканда, өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, же аны жабырлануучуга же башка адамдарга колдоном деп коркутуу менен, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон;

3) жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) билип туруп жашы жетелекке карата жасалган;

2) каалабаган кош бойлуулукка алып келген;

3) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирилген, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосун, билип туруп жаш кызга карата жасалса:

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-160)  
Кийинки берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-162)
